24.12.20

Кийинки жылы, Өзбекстандын экспорту болжол менен 17 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу,  президент Шавкат Мирзиёев жетекчилиги астында өткөргөн жыйын учурунда билдирген.

Жыйын учурунда, Өзбекстандагы инвестиция жана тышкы соода жаатында жүргүзүлүп жаткан иштин натыйжалуулугу жана 2021-жылга карата негизги милдеттери талкууланды. Өзгөчө келерки жылы химия, энергетика, геология, электротехника жана жеңил өнөр жай тармагына  көңүл бурулмакчы.

Келерки жылы 7,5 миллиард доллардан ашык чет элдик түз инвестиция тартуу пландалууда. Ар бир долбоордун алкагында, бул каражаттарды толук жана өз убагында пайдалануу боюнча иш-чаралар аныкталды. Жогорудагы инвестициялардын эсебинен 226 ири долбоорду өз убагында ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле 69 даана жаңы келечектүү өнөр жай долбоорун сапаттуу ишке ашыруу милдети коюлду.

Өлкөдө экспорттун көлөмү, келерки жылы болжол менен 17 миллиард доллар болот деп болжолдонууда. Буга байланыштуу, жооптуу адамдарга алдын ала экспорттук келишимдерди түзүү иштери тапшырылды.

http://kabar.kg/news/uzbekistan-v-2021-godu-planiruet-narastit-eksport-do-17-mlrd/