28.12.20

Өзбекстанга 2020-жылдын аягына чейин келген чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 6,6 миллиард доллардын деңгээлинде болжолдонууда.

Бул тууралуу, Өзбекстандын  Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун жетекчилиги астында, 2020-жылга карата инвестиция жана тышкы соода иш-аракеттеринин жыйынтыктары боюнча болуп өткөн  жыйында белгилүү болду. 

2020-жылы чет элдик түз инвестициялардын глобалдык көлөмү 40% пайызга жана дүйнөлүк сооданын көлөмү 25% пайызга төмөндөшүнө карабастан, Өзбекстанга жылдын аягына чейин тартылган чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 6,6 миллиард доллар деңгээлинде боло тургандыгы болжолдонууда. Мындай көрсөткүч, өткөн  2019-жылы өлкөгө тартылган чет элдик түз инвестициялардын көлөмүнөн көптүк. Ал эми, экспорттун көлөмү 15,1 миллиард доллардын деңгээлинде болот деп болжонууда.

Мындай натыйжага курулуш материалдарын өндүрүү, маалыматтык-коммуникация, электр, химия жана жеңил өнөр жай тармактарында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу менен жетишилген.

Ал эми, экспорттун өнүгүшүнө  текстиль, айыл чарба, тоо-кен жана металлургия, транспорт тармагында өндүрүлгөн товарларды экспортко чыгарып сатуу дагы маанилүү роль ойногон.

Жолугушуунун жүрүшүндө, алдыдагы 2021-жылга карата кечиктирилбей аткарыла турган иштер боюнча тапшырмалар дагы берилди.

Болжол менен 2021-жылы, өлкөгө келе турган чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 7,5 миллиард долларды, ал эми экспорттун көлөмү 17 миллиард долларды түзмөкчү. Буга байланыштуу чет элдик инвесторлорду тартуу жана экспорттук потенциалды арттыруу боюнча, натыйжалуу иш-чараларды уюштуруу зарылдыгы баса белгиленди.

http://kabar.kg/news/uzbekistan-po-itogam-goda-privlek-6-6-mlrd-priamykh-inostrannykh-investitcii/