05.01.21

Өзбекстан коронавирус илдетин аныктоочу медициналык диспансерин, Тажикстандын Хатлон облусуна караштуу Кубодиён районуна куруп  (Өзбекстан 2018-жылы куруп баштаган медициналык борбордун базасында курулат) бермекчи. Медициналык жабдууларды “Өзбекнефтегаз” компаниясы каржыламакчы.

Бул тууралуу, Тажикстандын өкмөтүнө караштуу “Азия-Плюс” маалымат агенттиги билдирди.

“Азия-Плюс” маалымат агенттиги тараткан билдирүүдө:  “Жаңы диспансерге орнотула турган медициналык жабдуулар, кыска убакыттын ичинде адамда коронавирус инфекциясынын бар экендигин же жок экендигин аныктоого мүмкүндүк берет. Эгерде, коронавирус илдети аныкталган болсо, бейтаптарды облустун жана Душанбе шаарынын ооруканаларына квалификациялуу жардам алуу үчүн тезинен жөнөтүлөт” - деп айтылат.

Эскерте кетсек, Өзбекстан 2018-жылдын экинчи жарымында, Тажикстандын Кубодиён районунда модернизацияланган медициналык комплекстин курулушун баштаган болучу. Куруучулардын планы боюнча, медициналык диспансер жай айына чейин бейтаптарды кабыл алууга даяр болот.

Медициналык борбордун курулушу 2018-жылдын март айында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Душанбе шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө жактырылган долбоорлордун бири деп билдирет  “Ozodlik” маалымат агенттиги.

2020-жылдын май айында, Өзбекстан коронавирус илдети менен ооругандарды дарылоодо бай тажрыйбасы бар, медициналык кызматкерлердин тобун Тажикстанга жөнөткөн болучу.  Ошондой эле пандемия башталгандан бери, Өзбекстан Тажикстанга бир нече жолу гуманитардык жардам жиберген.

https://knews.kg/2021/01/05/uzbekistan-postroit-na-yuge-tadzhikistana-raspredelitel-dlya-bolnyh-covid-19/