04.12.21

Жакында Ташкент шаарында, америкалык “Apple” компаниясынын кеңсеси ачылат. Бул тууралуу, Өзбекстандын Маалыматтык технологиялар жана комуникация министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Шерзод Ахматов 4-январь күнү өткөргөн брифинг учурунда билдирди.

“Apple” компаниясы, компьютердик шаймандар, мобилдик телефондор жана программалык камсыздоону өндүрүүчү кирешеси жогору болгон дүйнөдөгү эң ири технологиялык  компаниялардын бири болуп  эсептелет.

 Мындан тышкары, 2020-жылдын апрель айында, “Apple Distribution International”, “Google”, “Samsung”, “Netflix” жана башка бир катар дүйнөгө белгилүү компаниялар, Өзбекстанда  салык кодексинин талабына ылайык, өлкөдө жеке адамдарга электрондук кызмат көрсөткөн компания катары, салык төлөөчүлөрү катары катталышкан болучу.

Шерзод Ахматовдун айтымында, Түштүк Кореянын мобилдик телефон, компьютер жана күнүмдүк тиричилик техникаларын өндүрүүчү “Samsung” компаниясынын Өзбекстанда төрт кеңсеси буга чейин ачылган.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 10 айында, Өзбекстанга келген уюлдук телефондордун импорту дээрлик 10 эсеге (79,9 миңден 781,7 миңге чейин) көбөйгөн. Мобилдик аппараттардын көпчүлүгү Кытайдан жана Вьетнам өлкөлөрүнөн алынып келинген.

https://www.gazeta.uz/ru/2021/01/04/apple/