11.01.21

Өзбекстанда Кытай мамлекетине тиешелүү “Changan” жана “Dongfeng” маркасындагы жеңил жүк ташуучу жана кичи автобустар (микроавтобустар) өндүрүлүп баштакмакчы. Автоунаа заводу, Жизак облусунда  буга чейин  курулуп баштаган болучу. Долбоор 2020-жылдын 28-декабрь күнү, президент Шавкат Мирзиёев бекиткен инвестициялык программада көрсөтүлгөн.

Документке ылайык, “Жизак” эркин экономикалык аймагына автоунаа заводун курууга, 2023-жылга чейин 16,2 миллион доллар талап кылынат. Алардын 10,5 миллион доллары түз чет элдик инвестициялар жана насыялар, калган 5,6 миллион доллар акча каражаты “Auto Motors Asia” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) өз каражаттары болмокчу.

Өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 27 миң даана автоунаа чыгарууга жөндөмдүү болот. Заводдо үч типтеги автоунаалар чыгарылмакчы. Аларга, эки түрдүү маркадагы жеңил жүк ташуучу унаа жана кичи автобустар (микроавтобустар) болмокчу. Бул тууралуу маалымат, Жизак облусунун акимчилигинин расмий сайтында жарыяланды. Учурда аталган жерде, заводдун курулуш иштери жүрүп жатат.

Алгач, автоунаа заводунун өндүрүштүк кубаттуулугу 1-1,5 тонна жүк көтөрө алган 1,080 даана автоунааны чыгармакчы.

Эскерте кетсек, Кытайдын автоунаа чыгаруучу “Dongfeng” компаниясы, өлкөнүн эң ири ишканаларынын бири болуп саналат.  Бул компания, 1969-жылы негизделген.

https://centralasia.media/news:1674332