13.01.21

Түркия, өткөн 2020-жылы Өзбекстанда эң көп өзүнүн компанияларын ачкан болду. Өзбекстандын Мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылы Өзбекстанда Түркияга таандык 305 компания түзүлгөн. Ошентип, Өзбекстанда чет элдик капитал менен түзүлгөн компаниялар рейтингде Түркия биринчи орунду ээледи.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, өткөн жылы Өзбекстанда чет элдик капитал менен иш алып барган 715 миң  компания болгон. Түркиядан кийинки экинчи орунду Россия мамлекети 265 компаниясы менен ээлеген. Үчүнчү орунду алган Кытай мамлекети 147 компания түзүүгө жетишкен. Ушул мезгил аралыгында, Өзбекстанда Казакстандын капиталы менен 110 компания жана Түштүк Кореянын капиталы менен 77 компания түзүлгөн.

Чет элдик капитал менен түзүлгөн компаниялар көбүнчө өлкөнүн Ташкент, Самарканд жана Сурхандария аймактарында түптөлгөн.  Чет өлкөлүк ишкерлер өнөр жай, соода, курулуш жана айыл чарба тармактарына эң көп инвестиция салышкан. 2021-жылдын 1-январына карата, өлкөдөгү чет элдик капиталы бар компаниялардын жалпы саны 11,781 миңге жеткен. 2019-жылы Өзбекстанда жалпысынан чет элдик капитал катышкан 3,330 ишкана түзүлгөн.

https://www.dunya.com/ekonomi/turkiye-2020de-ozbekistanda-en-cok-sirket-kuran-ulke-oldu-haberi-606858