17.01.21

Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана Сауд Арабиясынын Инвестиция министри Халид Аль-Фалихтин ортосунда видео конференция форматында сүйлөшүүлөр болуп өттү. Көрүшмөнүн жыйынтыгында, Өзбекстанда шамалдан энергия алуучу станциясын куруу боюнча 1,4 миллиард долларлык инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Сауд Арабиясынын  өкүлдөрү инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда ишкердик өнөктөштүктү орнотууга кызыкдар экендигин билдиришкен.

Ошол себептен январь айынын аягына чейин, Сауд Арабиясынын Инвестиция министри Халид Аль-Фалихтин баштаган ишкерлерден түзүлгөн атайы делегация, Өзбекстанга иш сапары менен келүүсү макулдашылды.

Сапардын алкагында, бир катар эки тараптуу иш-чаралар пландаштырылган. Тактап айтканда, “Өзбекстан-Сауд Арабия” бизнес форумун өткөрүү, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарын өкүлдөрүнүн жолугушуулары, Өзбекстан-Сауд Арабиясынын ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны болуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, “G2G”, “G2B” жана “B2B” форматындагы жолугушуулар дагы болуп өтмөкчү. Ошондой эле келген коноктор, Сырдария облусундагы шамалдан энергия алуучу станциясынын курулушунун пайдубалын түптөө аземине жана Ширин шаарында энергетикалык колледждин ачылыш аземине катышмакчы.

Халид Аль-Фалихтин айтымында, “Acwa Power” долбоору эки тараптуу кызматташуунун ийгиликтүү үлгүсү болуп саналат. Халид Аль-Фалих: “Ошол эле учурда, биз энергетика тармагындагы долбоорлор менен гана чектелип калбашыбыз керек. Биз алдыда боло турган эки тараптуу көрүшмө учурунда, экономикабыздын башка тармактарында дагы өнөктөштүгүбүздүн деңгээлин кыйла жогору көтөрө турган конкреттүү натыйжаларды күтөбүз” - деп билдирип өттү.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 5-март кунү, Сауд Арабиясына тиешелүү “ACWA Power” компаниясынын жетекчилиги жана Өзбекстандын Сырдария облусунун ортосунда, жылуулук электр борборун куруу боюнча келишим түзүлгөн болучу.

http://kabar.kg/news/uzbekistan-privlekaet-1-4-mlrd-investitcii-iz-saudovskoi-aravii-dlia-stroitel-stva-vetrianoi-stantcii/