15.01.21

Ташкент шаарынын Чиланзар районунда “Gold Moon Tashkent” аттуу заманбап зергерчилик фабрикасы ишке берилди. Анын ачылыш аземине, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дагы катышты. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” маалымат агенттиги билдирди.

Болжол менен 21 миллион доллар акча каражатына курулган  зергерчилик фабрикасы, жылына 6 тонна өлчөмүндө зер буюмдарын өндүрүүгө жөндөмдүү. Ишкана Түркия, Италия, жана Германиядан келген заманбап жабдуулар менен жабдылган. Жумушка төрт жүздөн ашык зергер усталар тартылган.

Заманбап дизайн жана сапаттуу иштөөнүн аркасында, зергерчилик фабрикасынын продукциясы, келечекте сатып алуучулардын көңүлүн буруп, импортко чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору болмокчу. Өндүрүлгөн продукциянын 15 % пайызын Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Афганистан жана башка өлкөлөргө экспорттоо пландаштырылууда.

Шавкат Мирзиёев: “Элибиз илгертен бери зергерчилик менен алектенип келген жана бүгүнкү күнгө чейин улантып келе жатат. Бул багыттагы максатыбыз, жаштарга заманбап технологиялар жана дизайн боюнча билим берүү болуп саналат. Ал үчүне кеминде 10 миң улан-кыздарды жумуш менен камсыз кылуубуз керек. Ошондой эле Өзбекстандын улуттук брендин дүйнөлүк рынокко чыгаруубуз зарыл. Биздин өлкөдө зергерлике керектүү чийки заттар  жана чебер кол өнөрчүлөрүбүз бар. Бул тармак улуттук каада-салтты жандандырууда өзгөчө мааниге ээ” – деп билдирди. Эскерте кетсек, ишкана керектүү чийки заттарды, тоо-кен металлургия заводдорунан биржалык соода жолу менен сатып алат.

https://podrobno.uz/cat/economic/v-uzbekistane-vpervye-za-dolgoe-vremya-otkrylsya-sovremennyy-yuvelirnyy-zavod-segodnya-ego-posetil-m/