25.01.21

Өзбекстандын вице-премьер-министр Азиз Абдухакимов баштаган делегациясы, Түркияда аталган өлкөнүн “Pegasus Airlines” авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, “Дунё” маалымат агенттиги билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Өзбекстанга болгон туристтердин санын көбөйтүү жана кошумча аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.

Көрүшмө учурунда, Анкара жана Стамбул  шаарларынан Өзбекстандын Ташкент, Самарканд, Бухара шаарларына түз аба каттамдарын уюштуруу  зарылдыгы белгиленди.

Белгилүү болгондой, Түркиялык “Pegasus Airlines” авиакомпаниясы Европа, Жакынкы чыгыш жана Түркияда үзгүлтүксүз чартердик аба каттамдарын арзан баада (low-cost) аткарган авиакомпаниялардын катарына кирет.

Көрүшмө аяктаган соң, “Pegasus Airlines” авиакомпаниясынын өкүлдөрү, Стамбул шаарында жайгашкан “Сабиха Гөкчен” аэропортуна жана авиакомпаниянын окуу борборуна экскурсия уюштурушту. Анда Өзбекстандан келген конокторго, авиакомпаниянын аба каттамдарын уюштуруудагы мүмкүнчүлүктөрү жана практикалык иш-аракеттери көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, “Pegasus Airlines” авиакомпаниясынын паркында 92 даана учак бар жана 113 багытта аба каттамдарын (35 ички, 78 эл аралык, жумасына болжол менен 3 миңден ашуун каттам) жүргүзөт.

https://centralasia.media/news:1677650