29.01.21

Кыска убакыттын ичинде, Өзбекстандын Тажикстанга экспорттогон товарынын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөн. Ал эми буга чейин, Тажикстандын коңшулаш өлкөгө саткан товарларынын (экспорту) көлөмү, Өзбекстандан сатып алган товарына (импортуна) караганда басымдуулук кылып турчу.

Бирок Өзбекстан кыска убакыттын ичинде, Тажикстан менен болгон соода балансын тең салмактуулукка жеткирип эле тим болбостон, экспорттук көрсөткүчтөрдү үч эсеге көбөйтүүгө жетишкен.

2020-жылдын аягында, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 333,7 миллион доллардан ашкан. Анын 33,3% пайызы Тажиктандын Өзбекстанга экспорттогон товарынын үлүшүнө туура келет.

Ушул мезгил аралыгында, Өзбекстандын коңшу өлкөгө жасаган экспортунун көлөмү 83,5 миллион доллардан ашкан. Ошол эле учурда, Өзбекстандын товарларынын Тажикстанга болгон импортунун көлөмү 250,2 миллион доллардан ашкан.

Тажикстандын тиешелүү мекемелеринин берген маалыматы боюнча, Тажикстан Өзбекстанга негизинен  алюминий, күкүрт, цемент жана акиташ экспорттойт.

Ал эми, Өзбекстандан болсо минералдык жана химиялык жер семирткичтер, транспорт каражаттары, парфюмерия, косметика, кийим-кечек, бут кийим, балдар тамагы, тиричилик техникасы жана башка товарларды сатып алат.

https://euctj.org/ru/import-uzbekskih-tovarov-v-tadzhikistan-uvelichilsya-pochti-v-tri-raza/