23.02.21

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев  22-февраль күнү, гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлор менен таанышып чыккан. Бул тууралуу, “Trend kun.uz “ маалымат булагы билдирди.

2017-жылдын май айында, “2017-2021-жылдар аралыгында гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү” программасы кабыл алынган. Бул программада $ 3,4 миллиард долларга бааланган 65 даана долбоорду ишке ашыруу каралган. Анын 34 даанасы жаңы гидроэлектростанция (ГЭС) курууга жана 31 даана мурда иштеп келген гидроэлектростанцияларды  модернизациялоого багытталган.

Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 1100 мегаватт кубаттуулуктагы 12 гидроэлектростанция (ГЭС) ишке кирген. Мындан тышкары 950 мегаватт кубаттуулуктагы  дагы 20 даана гидроэлектростанциянын (ГЭС) курулушу аягына чыгуу алдында турат.

Эскерте кетсек, 2021-жылы жалпы наркы 1 миллиард 420 миллион долларга бааланган 16 долбоорду ишке ашыруу  пландаштырылууда. Тактап айтканда, 11 даана жаңы гидроэлектростанция (ГЭС) (587 мегаватт электр кубаттуулуктагы) курулмакчы. Калган 5 долбоорго ылайык, иштеп жаткан гидроэлектростанциялар модернизацияланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилмекчи.

https://www.trend.az/casia/uzbekistan/3385028.html