01.03.21

Өзбекстан тарабынан 2018-жылдын экинчи жарымында Тажикстандын Кубодиён шаарында, бейтаптарды кабыл алуучу заманбап медициналык борборунун курулушу толугу менен аяктады. Азыркы учурда, медициналык мекеме бейтаптарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу, “asiaplustj.info” маалымат агенттиги билдирди.

Өзбекстан тарабынан Кубодиён шаарында курулган бейтаптарды кабыл алуучу медициналык борборунда орнотулган медициналык  жабдуулардын аналогу бүгүнкү күндө Тажикстанда кездешпейт.

Медициналык мекемеде орнотулган жабдуулар, адамда коронавирустук инфекциянын бар экендигин тез арада аныктап, андан кийин бейтаптарды квалификациялуу жардам алуу үчүн өлкөнүн аймактык жана борбордук ооруканаларына тез арада жиберүүгө мүмкүндүк берет.

Медициналык борбордун курулушу, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2018-жылдын март айында, Тажикстанга жасаган иш сапарынын жүрүшүндө кабыл алган долбоорлорунун бири болуп саналат.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин алкагында, Өзбекстандын каржылоосу менен Тажикстандын Согд облусуна караштуу Спитамен районунда, 2020-жылдын сентябрь айында 630 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулушу аягына чыгарылып пайдаланууга берилген.

Өзбекстанга жооп ирээтинде, Тажикстандын бийлиги Өзбекстандын Самарканд шаарында  640 орундуу мектеп жана Фергана облусуна бала бакча куруп бере тургандыгын жарыялаган. Тиешелүү буйрукка 2018-жылдын март айында, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кол койгон болучу.

https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210227/medkompleks-vozvedennii-uzbekistanom-na-yuge-tadzhikistana-gotov-prinimat-patsientov