01.03.21

Өзбекстан Казакстанга кийим-кечек экспорттоодо экинчи орунду ээлеп, Кытайдан кийинки орунга чыккан. Бул тууралуу, “LS” басылмасы билдирди.

Жалпысынан 2020-жылы Казакстанга 77,2 миң тонна кийим-кечек чет өлкөлөрдөн импорттолуп келген. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 27,2% пайызга жогору болуп эсептелет. Казакстанга чет өлкөлөрдөн сатылып алынып келинген кийим-кечектердин жалпы баасы 2020-жылы  626,3 миллион долларды түзгөн.

Кийим-кечектин эң чоң көлөмүн Казакстан Кытайдан сатып алган. Бул өлкө Казакстанга 2020-жылы 194,5 миллион долларга 44,6 миң тонна (44,1% пайыздык өсүш менен) товарын саткан.

Ал эми, Өзбекстан Казакстанга 13 миң тонна (30,4% пайыздык өсүш менен)  20 миллион 800 миң долларга кийим-кечек экспорттогон. Түркия болсо, 114,3 миллион долларга бааланган 5,5 миң тонна, Бангладеш өлкөсү 1,1 миң тонна, Кыргызстан 894 тонна, Беларуссия 393,1 тонна кийим-кечек товарларын экспорттогон.

https://kun.uz/ru/news/2021/02/26/uzbekistan-obognal-rossiyu-v-postavkax-odejdy-dlya-kazaxstana