02.03.21

Өзбекстанда алгачкы ирет, күндөн энергия алган электр станциясы курулмакчы. Анын ачылышы 2021-жылдын күз айларына пландаштырылууда. Бул тууралуу, жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Станциянын курулуш иштери буга чейин эле башталган болучу. Аталган станция Навои облусунда жайгашмакчы. Күндөн алына турган электр энергиясынын канча  баада сатыла тургандыгы боюнча, алдын ала маалыматтар дагы берилген. Күндөн алына турган энергиянын 1 килловаты (кВт)  2,7 цент акча каражатына бааланууда. Станциянын курулушу октябрь айынын аягында бүткөрүлүп ишке берилүүсү пландаштырылган.  

Күндөн энергия алуучу станция жыл сайын 270 гигаватт-саат электр энергиясын өндүрүп, 31 миңден ашуун үй-бүлөнү электр энергиясы менен камсыз кылууга жөндөмдүү болот. Мындан тышкары, анын иштеши менен жылына 156 миң метр көлөмдөгү зыяндуу парник газдарынын бөлүнүп чыгуусун алдын алмакчы.

Күндөн энергия алган станция, Өзбекстандын  Навои шаарынын чыгыш тарабында  35 чакырым алыстыктагы 268 гектар аянтка (300 миң фотоэлектр панелдери орнотулат) курулууда. Бүгүнкү күндө, Өзбекстан жалпы электр энергиясынын 85% пайызын жылуулук электр станцияларында өндүрөт.

https://centralasia.media/news:1685556