01.04.21

Түркиялык “Aksa Enerji” компаниясы Ташкент облусунда кубаттуулугу 470 мегават (МВт)  болгон эки даана жылуулук электр борборун (ЖЭБ) куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда, Бул тууралуу,  “Podrobno.uz” маалымат агенттиги билдирди.

Курулуп жаткан жылуулук электр борбору (ЖЭБ)  Ташкент облусуна караштуу Кибрай районунда 7 гектар жерге курулмакчы.

Долбоорлордун жалпы суммасы 300 миллион долларды түзөт. Түркиядан келген түз инвестицияга курлуп жаткан жылуулук борборлору,  үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталында пайдаланууга берилиши пландалууда. Станциялар жылына 3,9 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарууга жөндөмдүү болот.

Курулуп жаткан жылуулук электр борборлорунда (ЖЭБ)   энергияны үнөмдүү пайдалануу боюнча орнотулган жабдыктар,  жылына 550 миллион кубометр жаратылыш газын үнөмдөөгө мүмкүндүк бермекчи.

Долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында, Түркиялык “Aksa Enerji” компаниясы жана Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода  министрлиги, ошондой эле  Өзбекстандын “Улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомунун (ААК) ортолорунда электр энергиясын сатып алуу боюнча   инвестициялык келишимге кол коюулган.  

Мындан тышкары Түркиялык “Aksa Enerji” компаниясы, Бухара облусунда жылуулук электр борборун куруу иштерин баштаган. Анын курулуш иштеринде, энергияны үнөмдөөчү жаңы үлгүдөгү агрегаттар орнотулмакчы. Жаңы жылуулук электр станциясы 270 мегават (МВт) электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү болот.

Учурда бул жылуулук электр борборунун  (ЖЭБ) курулуш иштери башталды. Аны курулуш иштеринде   тогуз жүз адам иш менен камсыз болушкан. Станция  ишке берилиши менен 220 жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү.

 

https://podrobno.uz/cat/obchestvo/turki-postroyat-dve-elektrostantsii-v-tashkentskoy-oblasti-/