01.04.21

Өзбекстандын Минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү жана көбөйтүү боюнча комитеттин башкы бөлүмүнүн директору Асрор Рустамов өзүнүн мекемесинин аткарган  иштери тууралуу маалымат берүү учурунда:

 2020-жылы өлкө боюнча бир нече жаңы кендер табылып мамлекет тарабынан  каттоого алынды. Алардын ичинен 133 тонна алтын запасы бар Чукуркудук кени  жана болжолдуу запасы 70-80 тонна алтынды түзгөн башка кендер мамлекеттик баланска өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары, Сурхандарья облусунда жайгашкан коргошун чыккан “Чынорсой кенин мамлекеттин балансына өткөрүп бердик. Анын курамында коргошун эле эмес, алтын жана күмүштүн запасы бар металлдар дагы бар - деп билдирди.

Ошондой эле, Алмалык шаарына жакын жерден  ири жез кени бар экени белгилүү болгон. Бул жерде 200 миң тоннадан ашык жездин запасы бар экендиги аныкталган.

Ошондой эле Самарканд жана Кашкадарыя облустарынын чек арасында “Сарыкул” кенинде вольфрамдын ири көлөмдөгү запастары табылган.

Асрор Рустамовдун айтымында, быйыл Өзбекстан мамлекетти  геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн технологиялык жаңыланууга 185 миллиард сум акча каражатын коротууну  пландаштырып жатат.

Асрор Рустамов: Бул иштер мамлекет башчы менен өкмөт башчыбыздын геология жаатына көңүл бөлүүсүнүн натыйжасы деп эсептейм. Ошол эле учурда, биздин комитетке быйыл 1,2 триллион сум акча каражаты бөлүнгөн болучу. Анын ичинен 185 миллиард сум  жаңы жабдууларды сатып алууга жумшалат. Бул биздин илимий ишибизге жардам берет”, - деп сөзүн жыйынтыктады.

https://kun.uz/ru/news/2021/04/01/v-uzbekistane-otkryto-novoye-mestorojdeniye-s-zapasami-v-133-tonn-zolota