06.04.21

Өзбекстанда 6-апрель күнү, “ИННОПРОМ” эл аралык ири өнөр жай көргөзмөсү болуп өттү. Анын алкагында, Өзбекстандын мунай жана газ тармагындагы маанилүү долбоорлор боюнча ири келишимдерге кол коюлду. Россия Өзбекстандын жаратылыш газынын ири кенин иштетүүгө 900 миллион доллар инвестиция сала тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын 150 миллиард кубометрден ашык газынын запасы бар болгон “Мустакилликтин 25 йиллиги” газ кенин иштетүү боюнча тийиштүү келишимге Россиялык «ВЭБ.РФ» мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы, “Газпромбанк” жана “SGC-OC” компаниялары  кол коюшту.

Долбоорго ылайык, Өзбекстандын Сурхандарья облусунда жаратылыш газын өндүрүү жана кайра иштетүүчү инфраструктуралык объектилери менен бирге завод курулат.

Бул долбоор 35 жылга эсептелген, анын болжолдуу наркы $ 2 миллиард долларды түзөт.

“Мустақилликнинг 25 йиллиги” газ кенин өздөштүрүү долбоору азыркы учурда, Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлордун бири болуп саналат жана  аймактардын өндүрүш тармактарын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Россиялык “ВЭБ.РФ” мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясынын төрагасынын орун басары, Даниил Алгулян: “Долбоордун катышуучуларынын атынан Шавкат Мирзиёевге жана анын өкмөтүнө, бүгүнкү күндө Өзбекстанда болуп жаткан маанилүү инфраструктуралык өзгөрүүлөргө катышууга жана  “Газпромбанка” жана “ВЭБ.РФ”  мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясына ишеним көрсөткөндүктөрү жана долбоорду колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирем” - деп билдирди.

Эскерте кетсек, “Мустақилликнинг 25 йиллиги” газ кенинде 150 миллиард кубометр көгүлтүр өттун запасы бар экендиги аныкталган.

https://centralasia.news/9164-rossija-vlozhit-900-mln-dollarov-v-razrabotku-mestorozhdenija-gaza-v-uzbekistane.html