15.04.21

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд облусундагы туристтик борбордун курулуш иштери менен таанышуу үчүн барды. Бул тууралуу,  президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Туристик комплекстин курулуш иштери үчүн 212 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Долбоорго ылайык, коплекстин ичинде конгресс холл, мейманканалар жана эс алуучу жайларды камтыган 10 даана объект курулмакчы. Азыркы учурда, конгресс-холл жана “Түбөлүктүү шаар” аттуу кербен сарайынын жана 8 даана мейманканалардын курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, ар бири 22 кабаттан турган беш жылдыздуу эки мейманкана дагы курулмакчы.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө: “Курулуп жаткан комплекс туристтик борборго айланат. Ошондой эле эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл шарттар түзүлөт. Борборду 2022-жылы пайдаланууга берүү пландалууда”, - деп айтылат.

Президентке жаңы туристтик борбордун мүмкүнчүлүктөрү жана конокторго көрсөтүлө турган кызматтар жөнүндө маалыматтар берилди. Ошондой эле, Самарканд шаарында туризм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлордун бет ачары болду.

Шавкат Мирзиёев ошондой эле туристтик борборду шаар менен байланыштырган эстакадалык көпүрө, Уст Умар Журакулов жана Афросиаб көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан көрктөндүрүү иштери менен таанышты.

Эскерте кетсек, Самарканд облусунда туристтик комплекстин  долбоору президентке былтыр жай айында  сунушталган болучу.

https://www.gazeta.uz/ru/2021/04/15/tourist-centre/