16.04.21

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд облусунда жасаган иш сапарынын учурунда, Өзбекстан, Афганистан жана Пакистан болуп биргелешип  ишке ашырылып жаткан “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүнө токтолуп өттү. Бул тууралуу, «Газеты.uz» маалымат агенттиги  билдирди.

Шавкат Мирзиёев: “Эгерде 27 жылдын ичинде биз Кытайга же Азиянын башка өлкөсүнө темир жол курсак, экспорттолгон продукциябыздын баасы 60-70% пайызга төмөн болмок”, - деп белгилеп өттү.

Шавкат Мирзиёев Пакистандын премьер-министри Имран Хан жана Афганистандын президенти Ашраф Гани менен бир нече жолу сүйлөшкөндөн кийин, аларды долбоорду биргелешип ишке ашырууга ынандырууга жетишкенин айттып берди.

Шавкат Мирзиёев: “Бул долбоорду ишке ашыруу пайдалуу болот, бирок темир жолдун коопсуздугун ким камсыздай алат? Албетте 200 миллион калкы бар Пакистан өлкөсү гана. Эгер биз бул базарга кире алсак, анда башка базарларга деңиз порттору аркылуу чыга алабыз”, - деп билдирди.

Президенттин айтымында, 2021-жылдын 2-февраль күнү, Өзбекстан, Афганистан жана Пакистандын ортосунда болгон  сүйлөшүүлөрүнөн  кийин “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы (“Жол картасы”) кабыл алынган. Өлкө башчысынын айтымында, долбоор ишке ашырылса Өзбекстандын башка базарларга чыгышы үчүн эң кыска жана арзан жолго айланат.

Эскерте кетсек, 14-апрель күнү, Өзбекстандын президенти, Пакистандын премьер-министри менен онлайн саммит өткөрүп, анда өлкөлөр ортосундагы аба каттамын калыбына келтирүү, жеңилдетилген соода, визалык режимди жөнөкөйлөтүү, транспорт жана транзит боюнча келишимди кабыл алуу жана башка маселелер талкуулашкан болучу. Ошол эле көрүшмө учурунда, тараптар  “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” (узундугу 600 чакырымга жакын) темир жол долбоорун ишке ашырууну тездетүүнү макулдашышкан.

https://www.gazeta.uz/ru/2021/04/16/roads/#