20.04.21

Өзбекстанда өндүрүлгөн “KIA” маркасындагы   автоунаалары сатыка чыгарыла баштады. Бул маркадагы автоунаалар “ADM-Jizzakh” автомобиль заводунда өндүрүлөт.

Ушул эле заводдо 2020-жылдын ноябрь айында, “KIA Seltos” маркасындагы чакан кроссовер жана “K5” бизнес классындагы  автоунааларды өндүрүү боюнча даярдыктар көрүлүп баштаган болучу.  Ал эми бүгүнкү күндө,  “KIA Motors Sergeli” дилердик борборунда кореялык компаниянын өкүлдөрү, аталган автоунаалардын биринчи сатып алуучу кардарларына машиналардын  ачкычтарын тапшырышты.

Өзбекстанда “KIA” маркасындагы   автоунааларын сатуу иштери,  2020-жылы авто бизнеси үчүн оор болгон учурда  дагы көбөйгөн. Ошентип, “focus2move” уюмунун берген  маалыматына ылайык, аталган автоунаалардын сатылышы жергиликтүү рынокто 2,8% пайызга жогорулаган.

Ал эми ошол эле убакта, Өзбекстандын рыногунда 2020-жылы “Toyota”, “Hyundai”, “Mercedes-Benz” сыяктуу башка көптөгөн популярдуу бренддердин унааларынын сатылышы  -8,6% пайызга төмөн болгон.  

Жергиликтүү “KIA” маркасына тиешелүү  “K5” жана “Seltos” үлгүлөрүндөгү унаалардын Өзбекстанда өндүрүлүп жатышы,   жергиликтүү кардарлардын аталган маркадагы  унааларга болгон кызыгуусун дагы да арттырмакчы.

https://centralasia.media/news:1696660