10.05.21

Өзбекстан 2021-жылдын январь-март айларында 87,4 миллион  долларга бааланган жеңил автоунааларды экспорттогон. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жеңил автоунаалардын экспортунун өсүшү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 50,9 миллион долларга көпттүк кылат.

Өзбекстан өзүнүн заводдорунда өндүргөн автоунааларын сатып алган өлкөлөрдүн сап башында Казакстан турат. Казакстан 82,6 миллион долларга (8 468 даана) жеңил автоунааларын сатып алган. Андан кийинки  экинчи орунду Украина (1,5 миллион долларга жеңил автоунааларды сатып алган)  ээлеген.

Кийинки орундарда, Афганистан 1,3 миллион долларга, Кыргызстан 963,3 миң долларга, Азербайжан 444,7 миң  долларга, Россия 313 миң долларга жана Тажикстан 134,4 миң долларга бааланган автоунааларды сатып алышкан.

http://kabar.kg/news/uzbekistan-v-ianvare-marte-eksportiroval-avtomobili-na-87-4-mln/