Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытай эл аралык жол-транспорт жаатында кызматташууну өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Өзбекстандын Автоунаа жана дарыя транспорту агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

22-январда Өзбекстан менен Кыргызстан делегацияларынын эки тараптуу жолугушуусунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташуучу үзгүлтүксүз автобус транспортторун уюштуруу маселелери талкууланды. Анда үзгүлтүксүз автобус каттамдарды жандандыруу жөнүндө келишимге жетишилди:

  1. "Ташкент - Бишкек" ("Гишт-Куприк" / "Жибек-Жолы" өткөрүү пункттары аркылуу);
  2. "Андижан - Ош" ("Дустлик" / "Достук"өткөрүү пункттары аркылуу);
  3. "Фергана - Ош" ("Өзбекстан" / "Кызыл-Кыя" өткөрүү пункттары аркылуу).

Эки өлкөнүн шаарлары ортосундагы түз автобус кызматын ишке киргизүүнүн датасы азырынча белгилүү эмес. Ошондой болсо да, алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, бул жакын арада болушу күтүлүүдө. Белгилей кетсек, учурда Өзбекстандан  кошуна Кыргызстанга учак менен же болбосо Бишкек шаарына Казакстандын аймагындагы "Жибек Жолу" чек ара пунктунан  кийин жайгашкан "Дархан" автобекетинен автобус менен жетүүгө болот.