30.06.21

Ташкент шаарында болуп өткөн «Өзбекстан-Түркия  бизнес форумунун» жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 679 миллион долларды түзгөн 24 келишимге эки өлкөнүн өкүлдөрү кол коюшту. Бул тууралуу,  «Trend» маалымат агенттиги билдирди.

«Өзбекстан-Түркия бизнес форуму» 2021-жылы 28-июнь күнү, Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, баштаган өкмөттүк делегациясынын Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында болуп өткөн.

Иш-чарага Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков, Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, ошондой эле Өзбекстандын тиешелүү министрликтеринин, ведомстволорунун жана тармактык ассоциацияларынын жетекчилери катышты. Мындан тышкары, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн 250  ашык өкүлдөрү  катышты.

Тактап айткандап, тараптар 514,7 миллион долларлык 10 инвестициялык долбоорго жана ошондой эле, 165,2 миллион долларга бааланган 15 соода келишимине кол коюшкан.

Эки өлкөнүн делегацияларынын башчылары биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү келишимдерге жетишүү жана бекем өз ара пайдалуу соода келишимдерин түзүү үчүн бизнес өкүлдөрүн жигердүү кызматташууга чакырышты.

Ошондой эле тараптар, мамлекеттер ортосундагы экономиканын ар кайсы тармактарындагы кызматташууну өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулашты

https://centralasia.media/news:1713537