28.08.21

Sputnik Өзбекстан агенттигинин маалыматына караганда, ишке киргизүү салтанатына өлкө президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Станция Навои облусунда жайгашкан. Аны Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын утурлай ишке беришти.

Анын курулушу былтыр башталган. Ага Бириккен Араб Эмирлигинин "Masdar" компаниясын 110 миллион доллар салып, 300 миң панель орнотулду.

Адистердин айтымында, Өзбекстанда күндүн нуру менен иштеген электр станцияларын көбөйтүү менен жалпысынан 600 миллиард киловатт-саат электр энергиясын алса болот. Бул өлкө эли колдонгон энергиядан сегиз эсе көп.


https://sputnik.kg/video/20210828/1053714658/uzbekistan-kun-nur-ehlektr-stanciya.html