29.08.21

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу менен 29-августь күнү, “Алмалык” тоо-кен металлургиялык комбинатынын (АГМК) базасында 2 миллиард долларга бааланган үчүнчү жезди кайра иштетүүчү фабриканын пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкөнүн расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Таратылган маалыматтар боюнча “Йошлик-1” кенинде курулушу башталган жезди кайра иштеттүүчү фабрика “Алмалык” тоо-кен металлургиялык комбинатын (АГМК)  тоо-кен жана металлургия тармагында, дүйнөдөгү эң ири өнөр жай ишканаларынын катарына кошот. Анын жылдык өндүрүшүнүн көлөмүн (азыркы учурда 2,5 миллиард доллар) болжол менен 8 миллиард долларга чейин жогорулатат.

Биринчи этапта ишкана жылына 60 миллион тонна руданы кайра иштетет. Экинчи этаптабында болсо кайра иштетүүнүн кубаттуулугу 160 миллион тоннага чейин өсмөкчү.

Бул эки этапты ишке ашыруунун натыйжасында, “Алмалык” тоо-кен металлургиялык комбинаты (АГМК) 2028-жылга чейин жылына 400 миң тонна жез, 50 тонна алтын жана 270 тонна күмүш өндүрүү кубаттуулугуна ээ болот.

Эскерте кетсек, 1949-жылы курулган Алмалык тоо-металлургиялык комбинаты (АГМК)  Өзбекстандын эң ири өнөр жай ишканаларынын бири болуп саналат, анда 40 миң адам эмгектенет. Завод негизделгенден бери 6 миллион тоннадан ашык жез, 3500 тонна күмүш жана 850 тонна алтын өндүрүлгөн.

https://podrobno.uz/cat/obchestvo/mirziyeev-dal-start-stroitelstvu-novoy-medno-obogatitelnoy-fabriki-agmk-ee-stoimost-2-mlrd-dollarov-/