03.09.21

Өзбекстандык “UzAuto Motors” автоунаа заводу өндүргөн унааларын  Тажикстандын рыногуна чыгарып сата баштады. Бул тууралуу,   “podrobno.uz” маалымат агенттиги билдирди.

Компания Тажикстанда “Chevrolet” брендине таандык төрт түрдүү моделин сатууну баштагандыгын жарыялады. Аларга “A” классындагы  Spark  жана “B” классындагы (седандар) Cobalt жана Nexia, жана “C” класстагы Lacetti маркасындагы унааларын сатыка чыгаргандыгын жарыялады.

Өзбекстандын автомобиль өндүрүүчүлөрүнүн расмий дистрибьютору  катары “Lesinvest” компаниясы Тажикстанда  автоунааларын сатуу жана тейлөөнү башкаруу иштерин жүргүзмөкчү.

Биринчи этапта дилердик тармакты өнүктүрүү жана Тажикстандын алдыңкы банктары менен биргеликте жагымдуу жана атаандаштыка туруктуу болгон унааларды сатууну камсыз кылуу үчүн кредиттик программаларды ишке киргизүү пландаштырылууда.

Компания өзүнүн  артыкчылыгы  катары, баасы арзан сапаттуу “Chevrolet” бредине тиешелүү автоунааларын сатууну көбөйтүүгө жана Тажикстандын рыногунда жеткиликтүү унаалар сегментиндеги позициясын бекемдей ала тургандыгына ишенет.

Ошол эле учурда Өзбекстандын өзүндө дагы, аталган маркадагы  автоунааларын сатып алуу үчүн чоң кезектер пайда болгон. Мисалы, Lacetti, Cobalt маркасындагы автоунааларын сатып алуу үчүн учурда  30 миңден ашык кардар кезекте турат.

https://podrobno.uz/cat/economic/uzauto-motors-nachala-prodazhi-avtomobiley-v-tadzhikistane-v-eto-vremya-v-uzbekistane-obrazovalis-og/