07.09.21

Өзбекстандын фармацевтика тармагында 1,25 миллиард долларга бааланган 104 даана инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу, мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев өлкөнүн фармацевтика тармагынын абалы жана өнүгүү перспективалары менен таанышуу учурунда белгилүү болгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгында, өлкөнүн ичинде 376 миллион долларга бааланган (мурда бул суммадагы дары-дармектер сырттан импорттолуп алынып турган) продукцияларды өндүрүү жана 84 миллион долларлык товарларды башка  мамлекеттерге экспорттоого мүмкүн болот. Ошондой эле фармавцевтика тармагында  9 миңге жакын адамды жумуш орду менен камсыз кылуу пландаштырылууда.

Жакынкы беш жылдын ичинде, фармавцевтика тармагындагы  өндүрүштү 3 эсеге көбөйтүү жана ички рынокту  натуралай түрдө камсыздоону 80% пайызга жеткирүү пландалууда. Бул үчүн 2022-2026-жылдарга карата келечектүү долбоорлор иштелип чыккан.

Эскерте кетсек, акыркы беш жылдын ичинде Өзбекстанда 71 жаңы ишкана түзүлүп, 2,5 миңден ашык дары-дармектердин түрлөрү, 241 түрдөгү медициналык буюмдар жана 78 түрдөгү медициналык жабдуулар чыгарылган.

http://kabar.kg/news/v-uzbekistane-namechaetsia-realizovat-investproekty-na-summu-1-25-mlrd-v-sfere-farmatcevtiki/