16.09.21

Ташкент шаарында  соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Өзбекстан-Түркмөнстан өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу “centralasia” маалымат агенттиги билдирди.

Жолугушуу Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эсенмурад Оразгелдиевдин төрагалыгы астында болуп  өттү.

Көрүшмө учурунда, эки өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде, текстиль, булгаары, бут кийим өндүрүштөрүндө, автоунаалар, электр приборлорун жана курулуш материалдарын өндүрүү тармагын түзүү боюнча жаңы долбоорлорду иштеп чыгууну активдештирүү жана конкреттүү долбоорлорду камтыган өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү боюнча “Жол картасын” иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Өз ара соодага көмөктөшүү үчүн биргелешип, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын товарларын эки өлкөнүн рыногуна туруктуу жеткирүүнү камсыздоо боюнча практикалык чараларды ишке ашыруу иштерин аткаруу сүйлөшүлдү. Мындан тышкары, эки мамлекеттин товар жүгүртүүсүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө жакынкы келечекте даяр экендиктерин билдиришти.

Бул сунуштарды иштеп чыгуу менен эки өлкөнүн тышкы соода ведомстволорунун министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги биргелешкен жумушчу топ үзгүлтүксүз алектенет. Ошондой эле жакынкы аралыкта чек ара соодасын өнүктүрүү үчүн Өзбекстан-Түркмөнстан соода зонасын түзүү жана ишин жөнгө салуу боюнча макулдашуунун долбоорун жактыруу  иштери аяктайт.

Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланышты жогорулатууга бурулду. Тараптар транспорттук коридорлорду мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгууну макулдашышты,

Өзбекстан-Түркмөнстан өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйынын жыйынтыгында энергетика, мунай-газ сектору, химия, автомобиль өнөр жайы, айыл чарба, суу чарба, экология,  билим берүү, спорт жана туризм тармактарында мындан ары практикалык кызматташуу боюнча бир катар макулдашууларга жетишилди.
Эскерте кетсек, азыркы учурда Өзбекстанда Түркмөнстандын капиталынын катышуусу менен 160 ишкана иштеп жатат жана эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга өстү.

 https://centralasia.media/news:1730315