21.09.21

Өзбекстанда “Lada” унааларын өндүрүү иштери  башталды. Алгачкылардан болуп өндүрүлгөн  “Lada Vesta SW” жана “Lada XRAY” үлгүлөрүндөгү унаалар сатыка чыгарууга  даяр. Жакынкы аралыкта алардын катарына “Lada Largus” үлгүсүндөгү унаалар дагы кошулмакчы.

Моделдерди чогултуу Жиззах областындагы “Жизак” эркин экономикалык аймагында жайгашкан “ADM Jizzakh” автомобиль заводунда ишке ашырылууда.

Адистердин айтымында, өндүрүш “АвтоВАЗ” компаниясынын жабдууларга, технологиялык процесстерге жана сапатты көзөмөлдөөгө коюлган бардык талаптарын эске алуу менен ишке  ашырылат. Өндүрүлгөн унаалардын эң жогорку сапаты жана ишенимдүүлүгү негизги максат болуп саналат.

Долбоорду ийгиликтүү уюштуруу үчүн 200 ашык жаңы жумуш орундары түзүлүп, кызматкерлер керектүү окуудан өтүштү.

 Компаниянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Сатыка чыгарылган унаалар, биринчи кезекте кредиттик программалар жана соода-сатыктын негизинде керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүү болот. Мындан тышкары мамлекеттик сатып алуулар дагы ишке ашырылмакчы, мындай чаралар Өзбекстанда “Lada” брендинин кеңири жайылышына себепкер  болмокчу” - деп айтылат.

https://centralasia.media/news:1731539