22.09.21

Өзбекстандын Түркмөнстан менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь-август айларында  418,1 миллион долларга (өткөн жылга салыштырмалуу 23,6% пайызга көп)  жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылдан ушул мезгилге карата 338,4 миллион долларга көптүк кылат.

Түркмөнстан Өзбекстандын эң ири соода өнөктөш өлкөлөрдүн алгачкы ондугуна кирет.

2021-жылдын сегиз айында, Өзбекстан Түркмөнстандан 297,6 миллион долларга бааланган продукциясын импорттоп алган. Ошол эле учурда Түркмөнстан Өзбекстандан 120,5 миллион долларга товар сатып алган.

Учурда Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 25 миллиард долларга жакындады, бул 2020-жылдын  ушул мезгилине салыштырмалуу 383,1 миллион долларга көптүк (өткөн жылга салыштырмалуу 1,6% пайызга өскөн) кылат.

2021-жылдын алгачкы сегиз айында, Өзбекстандын эң ири тышкы соода өнөктөшү Кытай (4,8 миллиард доллар) болуп эсептелет.

 Экинчи орунда Россия (4,5 миллиард доллар), Казакстан (2,5 миллиард доллар), Түркия (2,1 миллиард доллардан ашуун), Корея (1,2 миллиард доллары), Кыргызстан (599 миллион доллар), Германия (472 миллион  доллар), Афганистан (444 миллион доллар) жана Украина (388 миллион доллар) болду.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Ташкентте өткөн “Өзбек-Түркмөн” өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча 16-жыйыны болуп өткөн. Көрүшмөнүн жыйынтыгында жакын арада эки өлкө товар жүгүртүүсүнүн көлөмүн 1 миллиард  долларга жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришкен болучу.

2020-жылы Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 527 миллион  долларга жеткен.

https://business.com.tm/ru/post/7623/turkmenistanozbekistan-ticaret-hacmi-gechti%C4%9Fimiz-8-ayda-418-milyonu-asht%C4%B1