28.09.21

Өзбекстандын Фергана облусунда жайгашкан  “Central Asia Motors CO” ишканасынын базасында, электромобилдерди чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Негизинен буга  чейин, Өзбекстандын 2022-2024-жылдарга карата инвестициялык программасы боюнча президенттин жарлыгынын долбоорунда дагы  камтылган болучу.

Электромобилдерди өндүрүү иштери кытайлык “Hong Kong ZRSC Technology” компаниясы менен биргеликте 2021-2022-жылдары ишке ашырылып баштамакчы. Долбоордун баасы 55 миллион долларды түзөт, анын 43 миллион доллары чет өлкөлүк инвестициялар түзөт. Заводдун кубаттуулугу жылына 10 миң электромобил чыгарууга жөндөмдүү болот.

Ошондой эле Өзбекстанда мындан тышкары дагы бир 2020-жылдын август айынан тарта “Кокон” эркин экономикалык аймагында электромобилдерди чогултуучу завод курула баштаган эле. Белгилей кетсек, долбоор  “Шаффоф омад саноат” жана “Silk Road”   компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Заводдун курулушуна жалпысынан 30 миллион доллар инвестиция салынган. Анын 24 миллион долларын чет өлкөлүк инвестициялар түзөт. Алдын ала эсептөөлөр көрсөткөндөй, Өзбекстанда өндүрүлгөн  электромобилдердин болжолдуу баасы 3 миң доллар болмокчу. Компания 2021-жылдын аягынан баштап электромобилдерди өндүрүп баштайт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын июнь айынын ортосунда, президент Шавкат Мирзиёев Анжиян облусуна болгон иш сапарында, бул аймакта электромобилдерди чогултуучу завод курулаарын билдирген эле.

Шавкат Мирзиёев: “Биз Кытайдын тажрыйбасын үйрөнүп, электромобилдерди куроочу завод курабыз. Баардыгы абдан тез өзгөрүүдө, ошону менен катар бул тармак билимге негизделиши керек” – деп билдирген болучу.

http://kabar.kg/news/v-uzbekistane-namereny-sovmestno-s-kitaiskimi-partnerami-nachat-proizvodstvo-elektromobilei/