05.10.21

Өзбекстан Түркмөнстанда автоунаа жана электротехникалык буюмдарын өндүрүүнү ниеттенүүдө. Бул тууралуу, Ташкент шаарында өткөн “Өзбек-түркмөн” форумунда Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков билдирди.

Сардор Умурзаков Түркмөнстан жана Өзбекстан  ортосундагы соода, өндүрүш кооперациясы, транспорт-логистикалык өнөктөштүк жана аймактар ​​аралык кызматташтык багыттарында карым-катнаштар өнүгүшү керектигин баса белгиледи.

2021-жылы Өзбекстан жана Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү 24,1% пайызга өсүп, 417,1 миллион долларды түзгөн.

Сардор Умурзаковдун айтымында, бүгүнкү күндө эки өлкө тең болгон потенциалын жетишерлик деңгээлде колдонушпайт. Мисалы, Өзбекстан Түркмөнстанда өндүрүлгөн товарларды башка үчүнчү өлкө аркылуу импорттоп катары (600 миллион долларга),  сатып алган. Ал эми Түркмөнстан Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияны (612 миллион доллар) башка мамлекет аркылуу сатып алган.

Форумдун жыйынтыгында биргелешкен ишканаларды ачуу боюнча келишимдерге жетишилди. “Узавтосаноат” жана “Түркмөнстан-Моторс” компанияларынын ортосунда, Түркмөнстанда атайын автоунааларды өндүрүү боюнча келишимге кол коюлду. “Түркмөнстан-Моторс” компаниясынын башкы директору Фуркад Айдашевдин билдиришинче, биринчи жылы ишкана 10 миң даана айыл чарба техникасын жана чиркегичтерин чыгарууну пландап жатат, ал эми 4-5 жылдын ичинде анын санын жылына 50 миң даанага чейин жеткирүү пландалууда.

https://www.kursiv.uz/news/otraslevye-temy/2021-10/uzbekistan-otkroet-avtoproizvodstvo-v-turkmenistane