05.10.21

Ташкенттеги саммиттин жыйынтыгы менен Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосунда соода, транспорт, транзиттик товар ташуу, сууну үнөмдөөчү технологиялар, ошондой эле социалдык коргоо, статистика, карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо, илим жана маданият тармактарына тиешелүү 23 документке кол коюлду. Бул тууралуу, Өзбекстандын президенитинин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчылары Гурбангулы Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев саммиттеги жолугушуунун негизги жыйынтыктарын чагылдырган, эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгын мындан ары чыңдоонун перспективдүү багыттарын аныктаган биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Ал эми эки өлкөнүн министрликтеринин, ведомстволорунун жана региондорунун жетекчилеринин ортосунда документтерди алмашуу зыйнаты болуп, өттү.  

Төмөндөгү документтерге кол коюлду:

  • Чекара аймактарында Түркмөнстан-Өзбекстан чек ара соода аймагын түзүү жана анын ишин жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга;
  • Сооданын көлөмүн көбөйтүү жана ишканалар менен компаниялардын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү жөнүндө макулдашууга;
  • Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө протоколго;
  • Бизнес өкүлдөрүнүн визалык процедураларын жеңилдетүү жөнүндө макулдашууга;
  • 2004-жылдын 19-ноябрь күнү кабыл алынган жарандардын өз ара сапары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго;
  • Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө протоколго;
  • Юстиция министрликтери менен эки өлкөнүн илимдер академияларынын ортосундагы меморандумга;
  • Маданий-гуманитардык чөйрөдө 2024-жылга чейин кызматташуу программасына;
  • Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жөнүндө келишимге;
  • Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантини боюнча 2025-жылга чейин кошумча иш чаралардын планына;
  • Минералдык жер семирткичтер, айыл чарба техникасы жана энергетика жаатындагы экономикалык келишимдерге;
  • Химия өнөр жайы боюнча меморандумга;
  • Инвестициялык кызматташуу жана товарларды өз ара жеткирүү боюнча меморандумга
  • Метрология тармагындагы меморандумга;
  • Статистика жана ишке орноштуруу боюнча меморандумга;
  • Сууну үнөмдөөчү технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга;
  • Транзиттик чөйрөдө жана темир жол администрациялары ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча меморандумга;
  • Маалыматтык технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга;
  • Гурлан - Тошховуз өткөрүү пункттарын ишке киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлду.

Бул документтер эки өлкөнүн ишкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого кызмат кылмакчы.

https://turkmenportal.com/blog/40252/turkmenistan-i-uzbekistan-podpisali-bolee-20-dokumentov