09.10.21

Өзбекстандын президенттигине талапкер Шавкат Мирзиёев 8-октябрь күнү, Сурхандарыя облусунун шайлоочулары жана ишкерлер кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда, Шавкат Мирзиёев облусту таза суу менен камсыз кылуунун беш жылдык планы тууралуу маалымат берди. Сурхандарыя облусунда 2022-2026-жылдар арылыгында, Топаланг суу сактагычынан Термез шаарына чейин, узундугу 361 чакырым болгон магистралдык суу түтүгүн куруу жана 1,700 даана таза  суу чыгуучу кудуктарын куруу пландаштырылууда.

Мындан тышкары президент 10 мега долбоорду ишке ашырууну пландап жаткандыгын билдирди. Ал долбоорлорду ишке ашыруу менен аталган региондун экономикалык  өнүгүшү жогоруламакчы. Жаңы долбоорлордун алкагында 5,1 миллиард долларга бааланган инвестиция салынып 22 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландалып жатат. Жалпысынан алдыдагы 5 жылдын ичинде 6,6 миллиард долларлык 5 миңден ашык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Облустун аймагында өндүрүлгөн жашылча-жемиштин экспорту акыркы жылдары эки эсе көбөйүп, 100 миллион долларга жеткен. Мамлекет башчысы Сурхандарыя облусунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен бул көрсөткүч 500 миллион доллардан ашышы мүмкүн экенин баса белгиледи.

Шавкат Мирзиёев: “Кийинки беш жылдын ичинде, биз өлкөбүздө анын ичинде Сурхандарыя облусундагы бардык реформаларды “адам-​​коом-мамлекет” деген жаңы системанын негизинде ишке ашырабыз”, - деп белгилеп өттү.

https://centralasia.news/11689-mirzieev-nametil-na-5-let-investproekty-stoimostju-66-mlrd-dollarov.html