Tazabek- 2018-жылдын 22-февралындан тарта 2018-жылдын 31-декабрына чейин Өзбекстан Республикасындан Кыргызстан Республикасынын түштүк региондору жана карама-каршы  багыттагы ташылуучу бардык жүктөргө Өзбек темир жолу 30% пайыздык  арзандатууларды кылды.

Бул жөнүндө “Кыргыз темир жолу” басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин жогоруда айтылган багыттар боюнча ташылган жүк 300 миң тоннаны түзө турган болсо кийинки жүктөр 30% пайыздык арзандатуу менен ташыла тургандыгы билдирилген эле. 2017-жылдын 13-14-декабрында Ташкент шаарында болуп өткөн эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда кол коюлган эки  тараптуу келишимди өз убагында ишке ашыруу максатында Кыргыз темир жолу Өзбек темир жолуна 2018-жылдын январь айынан тарта Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүгүнөн Өзбекстандын аймагынан өтө турган транзиттик багыттагы бардык жүктөргө 30% пайыздык арзандатууларды кыла тургандыгы тууралуу сунуш  кылган.