CA-NEWS (UZ) - Өзбекстан жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) жибекчилик боюнча биргелешкен долбоорун даярдап жаткандыгын, тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жетектеген делегациясынын башкы директорунун орун басары, Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Владимир Рахманин 9-апрельде Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинде жолугушууда болду. Сапар учурунда Бухара шаарында жибекчилик боюнча Эл аралык жыйынга катышууну, эки тараптуу жолугушууларды жана  сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү камтыйт.

Тышкы иштер министрлигинин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө Өзбекстан жана ФАО  ортосундагы кызматташууну тараптар жогорку деңгээлде баа беришти.

Учурда, ФАО өзбек өнөктөштөр менен биргелешип,  айыл чарба, токой, үрөн, кургакчылык, жердин бузулушу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана кургакчылыка каршы күрөшүү сыяктуу багыттар боюнча  улуттук жана аймактык бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатат.

Маекте, тараптар жибекчилик долбоору боюнча БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) менен биргеликте иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун практикалык багыттарын, ошондой эле  ФАО Өзбекстан үчүн 2018-2021 жылдар үчүн иштелип чыккан программа боюнча пикир алмашышты.