CA-NEWS (UZ) Thales International аттуу  Компания спутникти жана спутникалык жабдууларды өндүрурүү жана иштетүү жаатында Өзбекстан менен кызматташууну көздөөдө. Бул жөнүндө “Өзбекстан 24” телеканалы билдирди.

  Француз компаниясы Өзбекстан менен биргеликте ар түрдүү дайындагы спутниктерди башкаруу жана учуруу менен чогуу комплекстүү космостук сисмтемалар боюнча  долбоорлорду ишке ашырууну  пландоодо.Өзбекстандын аймагында  жергиликтүү адистерди окутуп үйрөтүү үчүн технологиялык базаны куруу дагы пландалууда. Мындан тышкары, Француз тарабы Өзбекистанды космостук технологияларды колдонуу менен  тез ылдамдыктагы интернет тармагына кошуу максатында  инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иновациялык долбоорлорду чогуу баштоону сунуштап жатат.