CA-NEWS (UZ)- Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ушул жылдын 29-апрелинен 3-майга чейин, расмий сапар менен Өзбекстанга жана Түштүк Кореяга барат. Бул тууралуу Daily Сабах маалымдайт.

Басылмада Түркия президентинин Ташкентке иш сапары кайсы күнү болоору жөнүндө так маалымат айтылбайт. Режеп Тайип Эрдоган иш сапарынын жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө тургандыгы билдирилди.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы инвестиция тармагында кызматташтык болот. Мындан тышкары, Өзбекстан жана Түркия туризм, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба техникасы, унаа, фарма өнөр жайы, текстилдик өнөр жай, химия өнөр жайы сыяктуу секторлордо салымдардын багытын талкуулашат.

Эскерте кетсек, Ташкентте түрк жетекчисинин мурдагы иш сапары 2016-жылы ноябрда Өзбекстан биринчи президенттин көзү өткөндөн кийин болгон.Түркия Өзбекстандын маанилүү соода өнөктөшүнүн бири болуп саналат. Өлкөдө 500 түрк компаниялар жана фирмалары иштеп жатышат. Жакында эле 20дан ашык ишканалар түрк салымдарынын жардамында уюштурулду, 53 компаниянын өкүлчүлүктөрү аккредитацияланды.