“Чалык Холдинг” Түрк холдинги Ташкентте түрк бизнес борборун жана мейманканаларды, Зираат банкынын имаратын жана соода борборун курат. Долбоордун жалпы суммасы 400 млн.

АКШ долларын түзөт, бул жөнүндө «Газете.uz» борбордун инвестиция, инновация жана туризмди өнүктүрүү боюнча мэринин орун басары Алишер Тиляев билдирди.

Дүйшөнбү күнү Ташкент шаарынын мэри Жахонгир Артыкхожаев жана “Чалык Энерджи” энергетика компаниясынын директору Ридван Актүрк Түркиянын президентинин иш сапары алкагында түрк бизнес борборунун куруу боюнча меморандумга кол коюшту.

Мындан сырткары, Жахонгир Артыкхожаев Зират банкынын директору Хусейин Айдын менен Зират банкынын имаратын жана бизнес-борборун куруу меморандумуна кол коюшту.

Ташкенттин борборунда жайгаша турган объекттердин ээлеген орду божомолдуу 2,5 га, аянтты ээлейт.  Долборлоо жана иликтөө иштери бул жылы башталат.