SkyPower канадалык компаниясы Өзбекстандын аймагында жалпы кубаттуулугу 1000 Mвт болгон күн энергиясы системасын курууга түздөн-түз 1,3 млрд долларлык салымын жарыялады. Бул долбоор ТАСС берген маалыматка ылайык, бул долбоор мамлекеттин тарыхында чет өлкөлүк эң ири масштабдуу программа болот.

Өзбекстан Өкмөтү жана SkyPower электр энергиясын сатып алуу боюнча өлкө тарыхында биринчи келишимге кол койду, ага ылайык, мамлекет эл аралык жеке менчик компания аркылуу электр энергиясы менен камсыздалат. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев долбоорду толук колдоо менен инвесторлорго карата суверендүү кепилдиктерди тастыктаган жарлык чыгарды. SkyPower өлкө тарыхында биринчи көз карандысыз электр энергиясынын өндүрүүчүсү болот жана мамлекеттик "Өзбекэнерго" коммуналдык ишканасы менен тыгыз байланышта иштейт. Бул долбоор ошондой эле Өзбекстан жана Түндүк-Америка ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алгачкы үлгүсү болуп саналат.

SkyPower долбоору өлкө тарыхында күн электростанцияларынан  электр энергиясын иштеп чыгуучу алгачкы долбоор болуп калат. Божомолдорго ылайык, долбоор Өзбекстандын ИДПсына кошумча 2,9 млрд. АКШ долларын алып келет жана миңдеген жаңы жумушчу орундарын түзөт. Кайра жаралуучу булактардан алынган күн энергиясы боюнча долбоор ишке ашкандан кийин өлкөнүн жалпы электр энергиясынын 10 % пайызын түзөт. Ошондой эле, долбоор Өзбекстандын “Париж климаттык келишими” боюнча өз милдеттенмелерин ишке ашырууга жана 2030-жылга карата коюлган максаттарына жетүүгө, ошондой эле, Өзбекстандын бардык калкын электр менен камсыз кылууга жардам берет.