Казакстандын территориясы боюнча 1750 км жол жүргөн Казакстандын  улуттук географиялык  коомунун экспедициялык QazaqGeography “Арал-2018” аттуу командасы, бүгүн Өзбекстан менен болгон чек арадан өттү, деп Tengrinews.kz билдирди.

Түндүк жана Түштүк Аралдагы гидробиологиялык абалдарды изилдөө максатыны көздөгөн Илимий экспедиция Ташкентте тыныгуу кылды. Андан кийин ал Самарканд жана Бухарага сапар алат. Андан ары Хивада, экспедициянын катышуучулары илимий команда менен кезигишет.
Илимий сыноолор жыйынтыктары боюнча планктондук бөлүктөрдүн, туздун деңгээлинин, фосфордун, кислоттулуктун, суу булганышынын био ар түрдүүлүгү боюнча маалымат жыйналат, деп билдирилип жатат. Бул алдын ала Түндүк жана Түштүк Аралдын экосистемасынын өнүгүүсүнүн трендин көрүүгө жардам берет.
Мындан тышкары, экспедиция Арал аймагы боюнча туристтик маршруттардын картасын чийүү жана уникалдык сүрөттөрдү жана видеоматериалдарды чогултуу максатын көздөйт. QazaqGeography аттуу Казакстандык улуттук географиялык коомдук, 5 багытта иштейт, алар: география, климат, айлана-чөйрө, табигый булактар; био ар түрдүүлүк; туризм, саякаттоо, тарыхый- маданий мурас, этнография болуп эсептелет.