Өзбекстандын тарыхый шаары Самаркандда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер үчүн “Жибек Жолу” эл аралык туризм университети ачылат.

Бул тууралуу "Тренд" агенттиги жазды. План боюнча 2018-2019-окуу жылдары үчүн Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Жибек Жолу туризм университетинин ачылышы болот.

Окуу жайды ачуу демилгесин 10-июнда Кытайдын Циндао шаарында аяктаган ШКУнун саммитинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сунуштап,  “Университетте туризм чөйрөсүндөгү мыкты окутуучулар сабак беришмек жана бардык өлкөлөрдөн келген студенттер билим алышмак”, - деп баса белгилеп өткөн.

Өлкө президентинин айтуусуна караганда, университетке адегенде 100 адам кабыл алынат жана алардын көпчүлүгүн өзбек студенттер түзмөкчү.