Үстүбүздөгү жылдын 13-14-сентябрында "Индия - Борбор Азия" диалогунун 5-жыйыны Самаркандда өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Индиялык кадыр-барктуу “акыл борборунун” өкүлдөрүнөн түзүлгөн делегацияны

Индия Республикасынын Мамлекеттик Тышкы иштер министри Мобашар Джавад Акбар жетектейт.  Иш-чарага ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин алдынкы окумуштуулары жана эксперттери катышат.

Жолугушууда Борбордук Азиядагы аймактык кызматташуунун учурдагы динамикасы, саясат, экономика, коопсуздук жана маданият тармактарында биргелешип иш алып баруу. Индиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты күчөтүүсү, коркунучтарга жана туруктуу өнүгүүдөгү кыйынчылыктарга каршы туруу, ошондой эле өнүгүп келе жаткан коркунучтарга каршы күрөшүүгө байланышкан маселелерди талкуулашат.

Иш-чара эл аралык информациялык- аналитикалык борбору жана Индия эл аралык иштер кеӊеши борбору тарабынан уюштурулат.