- Подробности
05.12.20
Өзбекстандын Европа Биримдигине (ЕБ) экспорттогон текстиль продукциясынын көлөмү $1,2 миллиард долларга чейин жогорулоосу күтүлүүдө. Мындай көрсөткүч жаңы "GSP+" (Өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин Епропанын Биримдигинин (ЕБ) базарына товарын жеңилдетилген бажы салыгынын негизинде алып келип сатууга мүмкүндүк берген стандарт) преференциясынын негизинде ишке ашырылмакчы. Бул тууралуу, “Узтекстильпром” ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
02.12.20
Өзбекстанда жылына кубаттуулугу 500 миң тонна продукция өндүргөн металлургиялык заводдун, Ташкент шаарында 4-декабрь күнү ачылуусу пландалууда.
- Подробности
01.12.20
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус илдетине каршы, Россиянын “Sputnik V” вакцинасын 2020-жылдын аягында, 2021-жылдын башында сыноодон өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу, “РИА Новости” маалымат агенттиги, Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министри Абдухаким Хажибаевдин билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.
- Подробности
26.11.20
Өзбекстан калкты коронавирус илдетине каршы вакцина менен камсыз кылууга багытталган долбоорду ишке ашырууга белсенип жатат. Бул тууралуу, “uzreport” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
14.11.20
Өзбекстан сырттан телевизор импорттоп алууну кыскартып, тескерисинче экспорт көлөмүн көбөйтүүнүн аракетин жасоодо. Башка өлкөлөр арасында, Кыргызстанга дагы Өзбекстанда өндүрүлгөн телевизордун экспортунун көлөмү артып жаткан учуру. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
11.11.20
Азия өнүктүрүү банкы (АӨН) Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө жайгашкан темир жолун модернизациялоону аягына чыгаруу үчүн $ 121 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу, банктын маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
05.11.20
Малайзиялык “Serba Dinamik Group Berhad” компаниясы, Өзбекстандын Хорезм облусунда жайгашкан “Хазарасп” эркин экономикалык аймагында (СЭЗ), $250 миллион долларга бааланган каустикалык сода (кагаз өндүрүүдө колдонулат) жана суюк хлор (пластика, синтетикалык каучук өндүрүүдө колдонулат) өндүргөн завод курууну пландап жатат. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
- Подробности
05.11.20
Өзбекстанда Түркиянын президентинин администрациясынын жардамы менен биринчи бизнес-инкубатору (жаш ишкерлерди колдоо борбору) түзүлмөкчү.
- Подробности
03.11.20
Ташкент шаарында Өзбекстандын вице-премьер министри Сардор Умурзаков жана Казакстандын вице-премьер министри Роман Склярдын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу, “SNG.Today” маалымат порталы билдирди.
- Подробности
01.11.20
Өзбекстанда жыл башынан бери (январь жана сентябрь айларынын аралыгында) өздөштүрүлгөн чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү $7,2 миллиард долларды түзгөн. Анынын ичинен, $4,9 миллиард доллар тикелей келген инвестиция калган $2,3 миллиард доллар эл аралык финансылык институттардан келген каражат болуп эсептелет. Бул тууралуу, “uzreport.news” маалымат агенттиги билдирген.