Тажикстандын экспортунун негизги өнөктөштөрү Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Ооганстан экендигин "Авеста" басылмасы жазды.

Статистикалык маалымат боюнча, Казакстанга жалпы товар экспортунун 27,7% пайызы туура келет. Түркия менен бул көрсөткүч 25,1% пайызды түзөт. Өлкө негизинен түстүү металлургия,  алюминий жана пахта буласын экспорттойт.

Ушул эле жылдын август-январь айларында Казакстанга экспорттун көлөмү 197 миллион доллардан ашык болсо импорт - 356,2 млн долларды түзгөн.

Түркия менен соода-сатык көлөмү жыл мезгили ичинде 268 миллионду түзгөн. Экспорт 178,6 млн доллар, ал эми импорт- 89,3 млн.доллар ар кандай азыктарын импорттоого кеткен.

Бирок, чет өлкөлөр менен соода жүргүзүүнүн жалпы көлөмүндө биринчи орунду Россия ээлейт. Январь-август айларында Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүү 651,9 млн долларды түзгөн.

Чет өлкөгө экспорттолгон негизги товарлар тизмесине алюминий, пахта, баалуу металлдар, жана кургатылган жемиш кирет.Тажикстанга Россия аркылуу - импорттун жалпы көлөмүнүн 29,6%, Казакстандан - 16,9%, жана Кытайдан - 18,8% келет. 8 айда жалпы экспорттун суммасы 712.5 млн. доллар, ал эми импорттун көлөмү $ 2,1 миллиард долларды түзгөн.

http://avesta.tj/2018/10/02/osnovnymi-partnerami-tadzhikistana-po-eksportu-yavlyayutsya-kazahstan-turtsiya-uzbekistan-i-afganistan/