5-Октябрь жума күнү, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэнин расмий жолугушуу аземи болгондугун, тажик президентинин басма сөз кызматы билдирди. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жана расмий өкүлчүлүктөрүнүн катышуусу менен болгон жолугушууда кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Президент Эмомали Рахмон, Япониянын Өкмөтү менен эки тараптуу кызматташуу алкагында 426 коомдук долбоор Тажикстанда ишке ашырылып, 350 миллион АКШ доллары жумшалгангандыгын, жана ошол программалардын баары Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык максаттары менен дал келгендигин баса белгиледи.

"Дусти-Ылдыйкы Пяндж"  жана "Курган-Төбө-Дусти" жолдорунун жаңыланышы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын ачык мисалы болуп саналат жана байланыш туюгунан чыгуу жаатында биздин өлкөнүн стратегиялык максаттарына жооп берет.

Жолугушууда, айрыкча, Япониянын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (JICA) менен  "Япония+ Борбордук Азия" диалогунун  кызматташтыкты бекемдөөдөгү олуттуу салымы белгиленди.

Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү мурдакы жылга салыштырмалуу 10 млн.долларга көп жана $ 40 млн, долларды түзгөн.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, техникалык жана гуманитардык кызматташтык, мурда кызматташуу боюнча кол коюлган 50 документтин ишке ашырылуусу, өлкөдө маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга Япониянын катышуусу, тажик экономикасына япон салымдарынын түздөн-түз каржылык колдоосу, жеңилдетилген кредит берүү, биргелешкен инвестициялык фонд түзүү жөнүндө пикир алмашышты.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө, өз ара кызыкчылык туудурган башка маселелерди да талкуулашты.

Тажикстан менен Япониянын жогорку денгээлде жолугушуу жана сүйлөшүүлөрү бүткөндөн кийин, Эмомали Рахмон жана Синдзо Абэнин катышуусу менен документтерге кол коюу аземи болуп өттү жана 7 жаңы кызматташтык келишимине кол коюлду:

- Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Япониянын тышкы иштер министрлиги ортосундагы 2019-2021 жылдык кызматташтык программасы ;

- "Киши потенциалын өстүрүү боюнча стипендиялык окутуу программасы (JDS долбоору) жөнүндө меморандум;

- "адамдык ресурстарды өнүктүрүү" долбоору үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу (JDS долбоору);

- Япониянын Аомори шаарынын жана Тажикстандын Улуттук олимпиада комитетинин ортосундагы Токиодо боло турчуу 2020-жылдагы Олимпиада жана Параолимпиада оюндарына алдын ала олимпиадалык даярдык туралуу макулдашуу;

- Тажикистан Жаштар жана Спорт боюнча комитети менен Япониянын Билим берүү, Маданият жана Спорт министрлиги ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

- Тажикстандын Соода-Өнөр Жай Палатасы менен Япониянын Соода-Өнөр Жай Палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Эмомали Рахмон жана Синдзо Абэ документтерге кол коюу аземинен кийин жогорку денгээлде жолугушууларды жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгаруу менен бир катар журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү.

http://today.tj/prezident/19410-vstrechi-i-peregovory-na-vysshem-urovne-tadzhikistana-i-yaponii.html