08.10.2018 

Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында Тажикстанда текстилдик жана тигүү өндүрүшү дээрлик 30% пайызга өскөн.

 Өлкөнүн энергетика жана өнөр-жай министрлигинин маалыматы боюнча, бул мезгил ичинде текстилдик жана тигүү тармагынын өндүргөн продуктунун  көлөмү 844.5 млн сомонини ашкан ($89,6 млн. ашык).

Текстилдик жана тигүү индустриясында өнөр-жай өндүрүшүнүн индекси пахта буласы, кездемелер, килем жана байпак тигүү өндүрүшүн кошкондо 29,1% пайызга өстү.

Өлкөнүн статистикалык агенттигинин маалыматы боюнча, ушул мезгил ичинде, текстиль продукциясынын экспортунун өлчөмү $ 149.6 млн.  же өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу $ 71,6 млн.го  же 92% пайызга көп болгон. Экспорттун жалпы суммасынан $ 106,9 миллион ашыкчасы пахта буласынын экспорту түзөт.

Жеңил өнөр-жайында ун, колбаса, эт, консерва сыяктуу тамак-аш азыктарынын өндүрүшүнүн өсүшүндөн улам % 2.3пайызга өсүш  байкалат.

Бул мезгилде азык-түлүк өндүрүшү 2,7 миллиарддан ашык сомонини түзгөн.

http://avesta.tj/2018/10/08/tekstilnoe-i-shvejnoe-proizvodstvo-v-tadzhikistane-uvelichilos-na-30/