26.10.2018. Тажикстан 2018-жылдын биринчи тогуз айында 10 млн. кубо метр жаратылыш газын, 280.3 миң тонна суюлтулган газ импорттогон.

Берилген отчеттун жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын март-сентябрь айларында импорттолгон суюлтулган газдын көлөмү 2017-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда 18 миң 287 тоннага ашыкча чыгарылган.

2018-жыл сентябрда суюлтулган жаратылыш газынын көлөмү жалпысынан 29 миң 801 тоннаны түзсө, салыштырмалуу 2017-жылы ушул эле айда 672 тоннага көп импорттолгон. Суюлтулган газды өлкөнүн жол транспортунун 60% пайыздан ашыгы колдонот. Ошондой эле документте, Өзбекстандын жаратылыш газынын берүүсү 2012-жылы токтоп калган эле. Бирок, ушул жылы жетишилген макулдашуулардын негизинде, Өзбекстан Тажикстанга жаратылыш газын импортоону кайрадан баштагандыгы айтылды.

Өзбекстандан жаратылыш газын жеткирүүнүн көлөмү 2018-жылдын май айынан баштап 1-октябрга чейин 9 млн 952 миң 703 куб метрди түзгөн. Импорттолуучу жаратылыш газын негизги керектөөчүсү мамлекеттик "Талко"  ишканаcы болуп саналат.

http://avesta.tj/2018/10/26/tadzhikistan-importiroval-svyshe-280-3-tys-tonn-szhizhennogo-i-okolo-10-mln-kubometrov-gaza/