Душанбе, 30 октябрь.

Бүгүнкү күндө Кытай мамлекети Тажикстандагы 50дөн ашуун долбоорлордун ишке ашырылуусунда катышууда.

Кытай Тажикстанда ири өнөр жай ишканаларынын курулушуна салым жасоого даяр, бул жөнүндө өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Юньнань провинциясынын Өнүгүү жана реформа боюнча компаниясынын директору Ян Хонбо мырза, Тажикстандын ведомствосунун төрагасы Шариф Саид менен болгон жолугуушусунда: “Биз Тажикстанда кытайдын алдынкы өнүккөн технологиялык жабдуулары менен камсыздандырылган ири ишканаларды курууну каалайбыз”,- деп билдирди.

Хонбо мырза, кытай компантялары активдүү түрдө тажик туризмине, айыл-чарба тармагына, гидроэнергетикасына, болоттон жасалган буюмдарга, тамеки, түстүү жана кара металл өндүрүү тармактарына салым жасоодо деп белгилей кетти. Жалпылап айтканда Кытай өлкөнүн ичиндеги элүүдөн ашуун долбоорлордун ишке ашырылуусунда катышып жатат. Тажик рыногунда кытайлык капитал менен ишеген жетимишке жакын ишкана жана 200дөн ашуун кытай компаниялары бар. Тажикстан Өкмөтүнө караштуу Салымдар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин маалыматы боюнча акыркы эки жылда Кытай Тажикстандын экономикасына 3 млрд. доллардан ашуун салым жасаган.

https://ru.sputnik-tj.com/country/20181030/1027275146/tajikistan-china-investirovanie-krupnye-prompredpriyatiya.html