15.11.18.

Душанбе.

Тажикстан бул жылы он ай ичинде 362 миң тоннага жакын мунайзат импорттоду. Тийиштүү ведомствонун билдирүүсүнө караганда жалпысынан 252,8 млн. доллар суммасында 361,7 миң тонна мунайзаты импорттолгон.

Бир тонна мунайзатынын орточо баасы 698 долларды түзгөн.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 210,4 млн. доллар суммасында 358,4 миң тонна мунайзаты импорттолгон, ал эми бир тоннанын баасы 587 долларды түзгөн.

Муназатынын негизги жеткирүүчүсү Россия бойдон калууда. Ошондой эле Түркмөнстан, Казахстан жана башка өлкөлөрдөн да импортттолгон.

Ал эми Тажикстанга суюлтулган жаратылыш газынын импорту 147,7 млн. доллар суммасында 316,5 миң тоннаны түздү. Бир тонна суюлтулган жаратылыш газынын орточо баасы 466 долларды түздү.

Өткөн жылы 135,4 млн. долларга 297,6 миң тонна суюултулган жаратылыш газы импорттолгон. Бир тоннасы 454 долларды түзгөн. Суюлтулган жаратылыш газы негизинен Казахстандан импорттолот.

Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маалыматына караганда учурда өлкөнүн автоунаа транспортунун 60 пайызы отун катары суюлтулган газ колдонот.

http://ca-news.org/news:1481015